Окуялар

Орусиядан мыйзамсыз ташылып келинген 15 тонна кымыз өлкөгө киргизилген жок

Чүй облусундагы «Ак-Тилек» көзөмөл-ветеринардык пунктунда Россиядан мыйзамсыз алып келинген 15 миң 600 литр кымызды өлкөгө киргизүүгө жол берилген жок. Бул тууралуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда инспекторлор продукциянын таңгагында өндүрүлгөн датасы көрсөтүлбөгөнүн аныкташкан. Бул Кыргызстандын ветеринардык жана санитардык талаптарын бузуу болуп эсептелет. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү актылар түзүлүп, кымызды республиканын аймагына киргизүүгө уруксат берилген жок.

Жүк «Ак-Тилек» пункту аркылуу кайрадан Россияга кайтарылды.

Ведомстводо импорттолуп жаткан продукциянын сапатына көзөмөл күчөтүлөрүн, ошондой эле калк үчүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер улантыларын белгилешти.

Тектеш кабарлар

Back to top button