ЖК Жапыкеевдин Айтматов тууралуу пикирине министрлик баа бериши керектигин билдирди

Бүгүн Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында депутат Гүлшаркан Култаева Чыңгыз Айтматов тууралуу пикир айткан Сыймык Жапыкеевдин аракеттерине Маданият министрлиги юридикалык баа бериши керектигин билдирди.
Анын айтымында, Сыймык Жапыкеев 200 миңге жакын катталуучусу бар каналга интервью берип, анда жазуучуга карата өз баасын билдирген.
«Чыңгыз Айтматов биз үчүн маданий символ, дүйнөгө таанымал улуу кыргыз жазуучусу. Анын чыгармаларынын негизинде көптөгөн фильмдер тартылган. Урматтуу Маданият министрлигинин өкүлдөрү, сиздер маданий мурастын коргоочуларысыздар. Сыймык Жапыкеев улуу инсаныбызды жана маданий мурасыбызды жаман сөздөр менен сындап жатат, ал эми сиздер унчукпай отурасыздар. Анын комментарийлери социалдык тармактарда тарап, башка мамлекеттер да көрүшү мүмкүн. Мен анын айткандарына юридикалык жана укуктук баа берилишин талап кылам. Улуттук баалуулуктарыбызды каралоого болгон аракеттерди токтотуу керек», — деди эл өкүлү.
Маданият министринин орун басары Марат Тагаев жооп берип жатып, Чыңгыз Айтматов психологиялык жардамга жана ооруканага муктаж адамдан коргоону талап кылбай турганын айтты. Ошол эле учурда министрлик бул маселе боюнча расмий баа даярдай турганын кошумчалады.



