Коом
Бишкекте коомдук транспортто жол кире көтөрүлүшү мүмкүн

Бишкек шаарында коомдук транспортто жол кире көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, шаарда айдоочулар жетишсиз. Ошондуктан алардын айлык маянасын жогорулатуу маселеси каралууда.
«Эгер айлык жогоруласа, коомдук транспортто жүрүү акысынын өзгөрүшү да каралышы мүмкүн», — деди Жунушалиев.



