Гулжигит Алыкулов Беларустун «Динамо – Минск» клубунда карьерасын улантат

Кыргызстандын улуттук курама командасынын футболчусу Гулжигит Алыкулов расмий түрдө Беларусь чемпионатынын жогорку лигасында ойногон «Динамо – Минск» клубунда карьерасын улантат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу (КФС) маалымдады.
Өткөн жылдын январь айында Алыкулов Москвадагы «Торпедо» клубуна өткөн. Ал бул команданын курамында Россиянын Биринчи лигасында 2026-жылдагы кышкы трансфер мезгилине чейин ойноп, андан кийин «Динамо-Минск» клубуна кошулган. Биздин маалыматка ылайык, жаңы клуб менен түзүлгөн келишим 2026-жылдын аягына чейин эсептелген.
Эскерте кетсек, Гулжигит Алыкулов буга чейин да Беларусь чемпионатында ойноо тажрыйбасына ээ. Ал 2023–2024-жылкы сезондордо гроднолук «Неман» клубунун намысын коргогон. Бул команданын курамында Беларусь чемпионатынын күмүш байгесин утуп, өлкө Кубогунун ээси болгон. Ошондой эле 2024-жылдагы сезондун жыйынтыгы боюнча клубдун мыкты оюнчусу деп табылган.
2019-жылдан бери Гулжигит Алыкулов Кыргызстандын улуттук курама командасында туруктуу ойноп келет. Анын эсебинде 47 беттеш жана 6 гол бар.
Футболчулардын трансфердик баасын баалаган Германиянын Transfermarkt порталынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын башында Алыкуловдун баасы болжол менен 800 миң евро болуп, ал «Торпедо» клубундагы эң кымбат оюнчулардын бири болгон.
Ал эми 2026-жылдын башына карата анын учурдагы трансфердик баасы болжол менен 450 миң еврону түзөт.



