Коом

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн алгачкы 15 адам электрондук билериктерге ээ болушту

Кыргызстанда алгач ирет электрондук билериктерди жана мобилдик көзөмөлдү колдонуу менен коргоо ордерлеринин күчөтүлгөн форматы киргизилди. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баитов билдирди.

Анын айтымында, пилоттук режимде Бишкектин Октябрь районунда үй-бүлөлүк зомбулукка барган деп таанылган алгачкы 15 адам электрондук мониторингге алынган. Аларга 20 күндөн үч айга чейинки мөөнөткө чектөөлөр коюлуп, GPS аркылуу көзөмөл жүргүзүлүп, Face ID аркылуу милдеттүү түрдө текшерүү каралган.

Юстиция министрлигинде белгилешкендей, кийинки жумадан тарта электрондук мониторинг механизми алгачкы убактылуу коргоо ордерлерине да колдонулуп баштайт. Андан соң бул тажрыйба борбор калаанын бардык райондоруна, кийинчерээк бүт республика боюнча кеңейтилет.

Долбоорду ишке ашыруу Юстиция министрлиги, Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура, Жогорку сот жана Пробация департаментинин өз ара аракеттенүүсүнүн аркасында мүмкүн болду.

Эскерте кетсек, электрондук мониторингди колдонуу каралган коргоо ордерлерин күчөтүү жөнүндө мыйзамга Кыргызстандын президенти 2025-жылдын октябрь айында кол койгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button