Дональд Трамп АКШда «эч ким билбеген» курал бар экенин билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп АКШда «эч ким билбеген» курал бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал News Nation телеканалына берген маегинде Венесуэланын президенти Николас Мадурону кармоо боюнча операция учурунда америкалык аскерлер белгисиз курал колдонушу мүмкүн деген маалыматтарга комментарий берип жатып айтты.
Маек маалында алып баруучу Трамптан үн (дыбыш) куралы колдонулду деген маалыматка карата пикирин сурады.
«Бизде эч ким билбеген курал бар. Балким, бул тууралуу айтпаган оңдур, бирок бизде абдан таң калыштуу курал бар», — деп жооп берди АКШ президенти.
Буга чейин ЖМКлар венесуэлалык аскер кызматкерине шилтеме берип, операция маалында адегенде абадан коргонуу системаларынын радарлары иштебей калганын, андан кийин асманда дрондор жана тик учактар пайда болгонун жазышкан. Булактын айтымында, болуп жаткан окуя салгылашууга эмес, күчтүү үн толкунунун таасирине окшош болгон: адамдардын абалы начарлап, көпчүлүгү кыймылдай албай калып, жерге жыгылган.
Эске салсак, 2025-жылдын декабрында АКШ Венесуэлага каршы операция жүргүзүп, Каракаста президент Николас Мадурону жана анын жубайын кармап кеткен. Кийинчерээк Мадуро Бруклиндеги тергөө абагына жеткирилгени маалым болгон.
Бул операция тууралуу сөз кылып жатып, Дональд Трамп Монро доктринасын эске салды. Ага ылайык, Америка континенти башка державалардын кийлигишүүсү үчүн жабык аймак деп эсептелет. Ошондой эле ал «АКШнын бардык душмандарына» Венесуэладагыдай операция жүргүзүлүшү мүмкүн экенин эскертти.



