Саясат

Мамкызматта гендердик теңчилик. ЖК мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында гендердик теңчиликти камсыздоого байланыштуу бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү экинчи окууда талкуулап, кабыл алышты.

Документ мурдагы чакырылыштагы депутаттардын тобу тарабынан иштелип чыккан. Андагы пункттардын бири — «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү болуп саналат. Ага ылайык, министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө талапкерлерди көрсөтүүдө бир жыныстагы адамдардын үлүшү 70 пайыздан ашпоого тийиш.

Ушундай эле норма Конституциялык сотко, Жогорку сотко жана жергиликтүү сотторго судьяларды конкурстук тандоодо да киргизилет. Учурдагы мыйзамдарда судьяларды дайындоодо гендердик өкүлчүлүк тууралуу норма бар, бирок ал штаттык саны беш жана андан көп болгон учурларга гана тиешелүү.

Бир жыныстагы адамдардын үлүшү 70 пайыздан ашпоосу талабы шаар мэрлерин жана акимдерди дайындоодо, ошондой эле мамлекеттик кызматка кабыл алууда да колдонулат.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда эмгек чөйрөсүндө зордук-зомбулукка жана кысым көрсөтүүгө жол бербөө, ар башка жыныстагы адамдар үчүн тең эмгек акы төлөө, мамлекеттик органдарда гендердик аудит жүргүзүү зарылдыгы жана эркектер менен аялдардын ар кандай түзүмдөрдө тең өкүлчүлүгүн камсыздоого багытталган башка нормалар камтылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button