Бишкекте мэриянын кызматкери 1 млн сом пара талап кылгандыгы үчүн кармалды — ВИДЕО

2026-жылдын 19-январында Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол транспортунун инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин алдындагы «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын кызматкерин 1 миллион сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, муниципалдык ишкананын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн айрым кызматкерлери жасалма тоскоолдуктарды түзүү жана бүткөрүлгөн иштер үчүн каражаттарды которууну кечеңдетүү аркылуу жалпы тендердик баанын 10%ын системалуу түрдө опузалап алгандыгы аныкталган.
“Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, МИнин кызматкери А.К.Ш. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда муниципалдык кызматкерлердин аракеттерине юридикалык баа берүү, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө”, — деп айтылат билдирүүдө.




