Дональд Трамп өзү түзгөн «Тынчтык кеңешинин» уставына кол койду

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн демилгеси менен түзүлгөн «Тынчтык кеңешинин» уставына кол койду. Документке жалпысынан 19 өлкөнүн өкүлдөрү кол коюшту. Кол коюу аземи Ак үйдүн расмий YouTube-каналында түз эфирде көрсөтүлдү.
«Биз дүйнө жүзүндө тынчтыкка жетебиз жана, Кудай буюрса, бул ар бирибиз үчүн тарыхка кошулган улуу салым болмок. Бул залдагы ар бир адам — жылдыз, болбосо силер бул жерде болмок эмессиңер», — деди Трамп кириш сөзүндө.
«Бул Кеңеш толук калыптангандан кийин, биз каалаган дээрлик бардык иштерди жасай алабыз. Биз муну БУУ менен кызматташтыкта ишке ашырабыз», — деп ишендирди АКШ президенти.
Кол коюу аземи Давосто өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында болду. Иш-чарага Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Америка өлкөлөрүнүн өкүлдөрү (Сауд Арабиясы, Катар, БАЭ, Аргентина, Парагвай, Бахрейн, Болгария, Индонезия, Иордания, Косово, Марокко, Монголия, Пакистан, Түркия), ошондой эле Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев катышты.
CNN белгилегендей, сахнада Трамп менен бирге 20га жетпеген өлкөнүн өкүлдөрү болду жана АКШнын салттуу Батыш Европадагы союздаштарынын бирөө да катышкан жок.
Трамптын сөзүнөн кийин Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт Тынчтык кеңеши мындан ары расмий эл аралык уюм болуп эсептелерин жарыялады. Андан соң өлкө лидерлери кезеги менен Трампка келип, документке өз кол тамгаларын коюшту.



