Ошто чет элдик жарандарга кысым көрсөтүп, акча алып турган милиция кызматкери кармалды — Видео

УКМК тарабынан, КР ИИМ Ички иликтөө кызматынын катышуусунда Ош шаардык ИИББ 3-ШМБ аймактык инспектору, милициянын лейтенанты «У.О.Ш.» акча алып жаткан жеринен пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кармалган милиция кызматкери өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ошто иштеген чет элдик жарандарга системалуу түрдө кысым көрсөтүп, коркутуп келгени аныкталган. Алардын жумушка уруксаты жок экенин билип туруп, ал алардан «калкалоо үчүн» деп, ай сайын 5000 сомдон 20 000 сомго чейин акча алып турган. Эгер чет элдик жарандар акчаны берүүдөн баш тартышса, айып пул салып, акыры депортация кылам деп коркутуп жүргөн.

“Тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча, КР КЖПК 96 жана 97-беренелерине ылайык, 3-ШМБ аймактык инспектору, милициянын лейтенанты «У.О.Ш.» кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.

УКМК учурда бул кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды жана алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнүн, ошондой эле бөлөк фактыларды аныктоого багытталган тергөө иш-чараларын улантууда.




