Коом

Учурда калктын колунда 200–300 миллиард сом өлчөмүндө накталай акча каражаты бар

Учурда калктын колунда 200–300 миллиард сом өлчөмүндө накталай акча каражаты бар. Бул тууралуу бүгүн Кыргыз фондулук биржасында өткөн пресс-конференцияда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди.

Анын айтымында, бул абдан чоң сумма жана инфляциялык процесстердин шартында тынчсызданууну жараткан тенденция болуп саналат.

«Биздин милдет — калкка бул каражаттарды инвестицияга, реалдуу секторлорго багыттоо зарыл экенин жеткирүү, аларды жаздыктын астында сактабаш керек. Эгер биз аймактык хаб болууну кааласак, анда инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарт түзүшүбүз керек. Маселен, Freedom тобу Кыргызстанда өз аянтчасын өнүктүрүү, алыстан идентификациялоого уруксат берүү боюнча сунуш киргизди. Анткени азыркы заманда эч ким брокердик пункт ачуу үчүн атайын биздин республикага учуп келбейт», — деп белгиледи Марат Пирназаров.

Ошондой эле ал улуттук депозитарийди түзүү сыяктуу маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жатканын, ал финансы рыногундагы ачыктыкту жогорулатып, тобокелдиктерди азайтышы керектигин, мындан тышкары виртуалдык активдер тармагын өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатканын айтып өттү.

Тектеш кабарлар

Back to top button