Спорт
Мамлекеттик кызматкерлер арасында спорттук реалити-шоу уюштурулат

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер арасында спорттук реалити-шоу уюштурулат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чара Триатлон федерациясы менен биргеликте уюштурулат.
«Алгач спорттук тажрыйбасы жок 10 бюджеттик кызматкер тандап алынып, аларга чуркоо, сууда сүзүү жана велосипед тебүү үйрөтүлөт. Катышууну каалагандар кеминде 5 жыл мамлекеттик кызматта иштеген жана жаш курагы 28ден 38 жашка чейинкилер болушу керек», — деп билдирет агенттик.



