Каныбек Досмамбетов жана Лесли Вигери Бишкекте медициналык шаарча курууну талкуулашты

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты, анын ичинде коомдук саламаттыкты сактоо, оорулардын алдын алуу, кадрларды даярдоо жана заманбап медициналык технологияларды колдонуу жаатында тажрыйба алмашууну талкуулашты.
«Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттык сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Бишкек шаарында медициналык шаарчаны куруу планы иштелип жатканы айтылды. Бул долбоордун алкагында заманбап медициналык жана лабораториялык жабдууларды, анын ичинде америкалык алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Ошондой эле кыргызстандык адистердин АКШда стажировкадан өтүүсүнө жана квалификациясын жогорулатуусуна кызыкдарлык белгиленди», — деп айтылат маалыматта.
Сунушталган меморандумдун алкагында Америка Кошмо Штаттары төмөнкү үч багытка көңүл бурууну пландоодо:
ВИЧ менен жашаган адамдар үчүн медициналык кызматтарга жана дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
кургак учук боюнча улуттук программаны колдоо;
санитардык-эпидемиологиялык даярдыкты чыңдоо.
Тараптар саламаттык сактоо, эпидемиологиялык коопсуздук, инфраструктураны модернизациялоо, коммерциялык кызматташтык жана медициналык кадрларды даярдоо маселелери боюнча мындан аркы кызматташууну улантууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.



