Детокс-диеталар ден соолукка олуттуу зыян алып келиши мүмкүн

Онколог Владимир Ивашков детокс-диеталар ден соолукка олуттуу зыян алып келиши мүмкүн экенин эскертти. Ал бул популярдуу «тазалануу» ыкмасынын негизги коркунучтарын өзүнүн Telegram-каналында белгиледи.
Ивашков адамдын организми өзүн-өзү тазалоочу система экенине көңүл буруп, детокс-диеталар ички органдардан да жакшыраак зыяндуу заттарды чыгара албай турганын айтты. Анын белгилешинче, эгерде зыяндуу заттар табигый жол менен жөнгө салынбаса адамдар дайыма эле оор дарттарга кабылып турмак.
Дарыгер детокс-диеталардын алкагында ар кандай ширелерди, чайларды ичүүдөн жана ачка болуудан баш тартууга чакырды.
Анын айтымында, ширелерде кант көп болуп, клетчатка аз болот, чайлар организмден суюктуктун жана минералдардын тез чыгып кетишине алып келет, ал эми тамактан толук баш тартуу боордун иштешине терс таасирин тийгизет.
Ошондой эле Ивашков детокс-диеталар аркылуу арыктоо мүмкүн эмес экенин эскертти.
«Салмак майдын эсебинен эмес, суу менен булчуң массасынын жоголушу аркылуу азаят. Детокс аяктагандан кийин салмак бат эле кайра кайтып келет. Мындай чектөөлөр витаминдердин жетишсиздигине, электролиттик тең салмактын бузулушуна жана сиңирүү системасынын көйгөйлөрүнө алып келиши мүмкүн», — дейт адис.



