Өлкөдө мамлекеттик лабораториялардын бирдиктүү системасын түзүү пландалууда

Кыргызстанда мамлекеттик лабораториялардын бирдиктүү системасын түзүү пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Каныбек Досмамбетов алдыңкы жеке лабораториялардын биринин инфраструктурасы менен таанышып, анда диагностикалык процесстин уюштурулушун, логистиканы, сапатты көзөмөлдөө механизмдерин жана санариптик чечимдерди изилдеди.
Министр белгилегендей, учурдагы мамлекеттик лабораториялык кызмат заманбап талаптарга жооп бербейт, бул калк үчүн өз убагында жана так изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн чектеп келет. Айрыкча онкологиялык жана башка ооруларды эрте аныктоо зарыл болгон учурларда бул маселе курч турат.
Каныбек Досмамбетовдун айтымында, саламаттык сактоо тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири — оор илдеттердин, анын ичинде залалдуу шишиктердин кеч аныкталышы. Көпчүлүк бейтаптар дарыгерлерге оорунун 3–4-стадиясында гана кайрылышат. Бул эффективдүү лабораториялык диагностика системасынын жоктугу менен түздөн-түз байланыштуу.
“Туура коюлган диагноз — ийгиликтүү дарылоонун жарымы. Ооруларды өз убагында жана так аныктоо үчүн мамлекетке күчтүү лабораториялык база керек”, — деди ал.
Ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарында жогорку технологиялык жабдуулар, өнүккөн логистика жана санариптик инфраструктура менен камсыздалган заманбап мамлекеттик референс-лаборатория түзүү долбоорун иштеп чыгууга киришти. Аймактарда бөлүмдөрү бар борборлоштурулган лаборатория сапат стандарттарын камсыздап, калк үчүн диагностиканын жеткиликтүүлүгүн жогорулатмакчы.
Министр ошондой эле бүгүнкү күндө көптөгөн лабораториялык изилдөөлөр жеке лабораторияларда жүргүзүлүп жатканын белгилеп, бул жарандар үчүн кошумча каржылык жүк жаратарын айтты.
Анын пикиринде, бирдиктүү мамлекеттик лаборатория түзүү калктын чыгымдарын жарым-жартылай азайтып, мамлекетке статистикалык талдоо жана оорулардын жайылышын мониторинг кылуу сыяктуу маанилүү инструменттерди берет.
Кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Министр Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына лабораториялык багыттагы дарыгерлерди даярдоочу факультет ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону, ал эми медициналык колледждерге лаборанттарды даярдоону күчөтүүнү тапшырды.
Долбоордун илимий-методикалык коштоосу үчүн АКШны кошо алганда, залалдуу шишиктерди эрте аныктоо жаатында ири клиникалык жана изилдөө тажрыйбасы бар медицина илимдеринин доктору, профессор Рысбек Абдылдаев тартылды.
Министр санариптик чечимдерди, процесстерди автоматташтырууну, маалыматтарды электрондук алмашуунун жана аналитиканы түзүүнүн зарылдыгын белгиледи.
“Санариптик аналитика аймактарда кайсы оорулар кеңири тараганын, кайсы жерде коркунучтар бар экенин жана кандай чаралар керек экенин көрүүгө мүмкүндүк берет. Бул далилдүү медицинанын жана саламаттык сактоо системасын башкаруунун маанилүү бөлүгү”, — деп баса белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Долбоор кандай иштерди камтыйт:
- лабораторияны “нөлдөн” куруу,
- заманбап жабдуулар менен камсыздоо,
- аймактык тармак түзүү,
- логистика,
- сапатты көзөмөлдөө системасы,
- медициналык уюмдар менен иштөө үчүн санариптик платформаны киргизүү.
Министрлик мамлекеттик референс-лаборатория үчүн мыкты тажрыйбаларды ыңгайлаштыруу максатында колдонулуп жаткан логистикалык жана технологиялык моделдерди изилдөөнү улантары айтылды.



