Окуялар
Ошто эркек киши аялын мыкаачылык менен сабап, бычак сайган

Ош шаарынын Салиева көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда эркек киши аялын мыкаачылык менен сабап, курсак тушуна бычак сайган. Күбөлөрдүн айтымында, окуя таңкы саат 4:00 чамасында болгон. Эркек катуу мас абалында болгону айтылууда.
Булактардын маалыматына караганда, аял өтө оор абалда реанимация бөлүмүнө жеткирилген.
Кошуналарынын сөзүнө ылайык, жубайлардын эки баласы бар.
Азырынча чыр-чатакка жана зомбулукка эмне себеп болгону белгисиз. Маалымат такталууда.



