Коом

Кыргызстанда соңку беш жыл ичинде электр энергиясын керектөөнүн көлөмү 25 пайызга өстү

Кыргызстанда соңку беш жыл ичинде электр энергиясын керектөөнүн көлөмү 25 пайызга өстү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2020-жылы өлкөдө жалпы 15,4 миллард кВт/саат электр энергиясы коротулган. Ал эми былтыр бул көрсөткүч 19,3 миллиард кВт/саатты түздү. Башкача айтканда, беш жыл ичинде электр энергиясын керектөө 4 миллиард киловатт/саатка көбөйдү.

“Электр энергиясын керектөөнүн жогорулашы мамлекетте экономика өсүп жатканынан кабар берет”, — деп билдирди министрлик.

Ошондой эле Кыргызстан былтыр 15,4 миллиард кВт/саат электр энергиясын өзү өндүрүп, коңшу мамлекеттерден 3,8 миллиард кВт/саатты импорттоп алганы айтылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button