Коом

Бишкекте интимдик кызмат жана боди-массаж жасаган притондор аныкталды

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун администрациясынын кызматкерлери Ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте коомдук тартипти бузуу фактыларын аныктоо жана алдын алуу максатында кезектеги рейд өткөрүштү. Бул тууралуу акимияттын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин жүрүшүндө интимдик мүнөздөгү кызматтарды жана боди-массаж жасаган притондор аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгында беш аялга карата административдик протоколдор түзүлдү. Ошондой эле алар менен колдонуудагы мыйзамдарга ылайык түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлдү.

Акимиятта белгилешкендей, Биринчи Май районунун аймагында коомдук тартипти бузуу фактыларын аныктоо жана алдын алуу боюнча рейддер мындан ары да туруктуу негизде улантылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button