Физикалык көнүгүүлөр жана жагымдуу шарттарда жашоо депрессияны азайтат

Физикалык көнүгүүлөр жана жагымдуу шарттарда жашоо мээнин коргоочу тосмосун сактоого жардам берип, депрессияга кабылуу коркунучун азайтышы мүмкүн. Мындай жыйынтыкка Лаваль университетинин окумуштуулары лабораториялык жаныбарларда өнөкөт социалдык стресстин таасирин изилдөөнүн негизинде келишкен. Изилдөөнүн жыйынтыктары Nature Communications (NC) журналында жарыяланган.
Эксперименттердин жүрүшүндө узакка созулган стресс гематоэнцефаликалык тосмону — мээни кандагы сезгенүү молекулаларынын киришинен коргогон системаны — алсыратары аныкталган. Стресске кабылган чычкандарда тосмонун клеткаларын «бириктирип» туруучу клаудин-5 белогунун деңгээли төмөндөп, бул тынчсыздануу жана депрессияга окшош жүрүм-турум менен коштолгон. Ал эми үзгүлтүксүз кыймылдаган же баш калкалоочу жайлар жана оюнчуктар менен байытылган чөйрөдө жашаган жаныбарларда мындай бузулуулар дээрлик байкалган эмес.
Коргоочу таасирде Fgf2 белогу негизги роль ойногон. Физикалык активдүүлүк менен алектенген же стимулдаштыруучу чөйрөдө жашаган чычкандарда анын деңгээли жогорулап, аларды стресске туруктуураак кылган. Окумуштуулар Fgf2нин өндүрүлүшүн жасалма түрдө көбөйткөндө, жаныбарлар стрессти жеңилирээк көтөрүп, социалдык активдүүлүгүн сактап калышкан; ал эми белоктун деңгээли төмөндөтүлгөндө көнүгүүлөрдүн оң таасири дээрлик жоголгон.
Мындан тышкары, изилдөөчүлөр Fgf2ни кан аркылуу аныктоого болорун жана адамдарда анын концентрациясы депрессиянын оордугу менен кошо өсөрүн аныкташкан. Бул белокту психикалык бузулуулар үчүн потенциалдуу биомаркер катары кароого мүмкүнчүлүк берет — психиатрия үчүн сейрек табылга.
Изилдөө авторлорунун айтымында, бул иш кыймылдын жана жагымдуу чөйрөнүн психикалык саламаттык үчүн пайдасын түшүндүрүп гана тим болбостон, депрессияны эрте аныктоо жана алдын алуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.



