Пайдалуу кеңештер

Нейрофизиолог жаштар арасында уйкусуздуктун күчөшүнүн себебин атады

Нейрофизиолог Оскар Ларроса жаштар арасында уйкусуздуктун көбөйүшү бир нече жыл мурда эле башталганын, бирок коронавирус пандемиясынан кийин абал ого бетер курчуп кеткенин билдирди.

Ларросанын айтымында, жаш куракта уйку көйгөйлөрүнүн биринчи себеби — коомдук факторлор. Тез жашоо ыргагы, келечектин белгисиздигине байланышкан басым, ошондой эле окуу, жумуш жана социалдык талаптар уйкуга терс таасир тийгизет.

Экинчиден, анын сөзүнө караганда, кечкисин смартфондорду ашыкча колдонуу уйкусуздукка алып келет. Мында маселе экрандын жарыгында эмес, акыл-эсинин ашыкча стимулдашуусунда жатат.
Ошондой эле жаштарда окуу жана жумуш менен байланышкан тынчсыздануу, жалпы стресс сыяктуу психикалык көйгөйлөрдөн улам да уйку бузулат.

Мындан тышкары, Ларроса уйкусуздуктун башка себептери катары стимулдаштыруучу заттарды ашыкча колдонуу жана өспүрүм куракта организмде жүргөн биологиялык өзгөрүүлөрдү атады. Бул өзгөрүүлөр адамдын табигый түрдө кеч уктоого ыкташын шарттайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button