Аялы бар экенин билбедим. Кыздар эркектердин тузагына түшпөйлү

Ошол күнү эс алууга барбасам бул балээге жолукмак эмесмин, деп сөзүн баштады Аделя. Мен Аделяга чач жасатуу, бое же кырктыруу үчүн барам. Бүгүн эмнегедир маанайы жок экен. Ар кайсыны айтып отуруп маанайы жок экенин сурадым.
— Оой эже баягы ишенчээк жаным дагы алданып, бирөөнүн аялынан укмуштай укпаган сөздөрду угуп, өзүмө араң келдим. Эсиңиздеби өткөндө жаңы жылда каникулда эс алууга барам жигитим менен деп айтпадым беле. Ошоол биз эс алууга бардык, баары жакшы болду. Максат тим эле баарын ойдогудай жасап, лыжа тээп Караколду башыбызга көтөрдүк. Анан мен ал жактагы сүрөттөрдү инстаграмга коем. Аны Максаттын аялы көрүп калып эми сүрөтүмдү соцтармакка чыгарып уят кылам, эки баланы жетим калтырып жатасын шуркуя деп айламды кетирип жатат, — деди.
Сен анын аялы бар экенин билчү белең десем, жок эже мага бойдокмун деп айткан да. Жашым да 30 га жакындап калды түшүнүктүү жакшы бала экен, кыздардын оюн айттырбай билет экен деп мен үйдөгүлөр менен тааныштырайын деп ойлоп койгом. А көрсө ал мени жөн эле пайдаланып жүрүптүр. Кечээ бир клиент келип чачын боеп аткам бир номер улам эле чалат салонго жазыла турган бирөө го деп ойлогом. Кайра чалсам алгач унчукпай угуп туруп өчүрүп салды. Бир аздан кийин кайра чалып ииий эже ит абийримди кетирди. Кана сүрөтүн жиберчи балким адашып жатасыңар десем, адашпай эле көптөн бери байкап жүрөм, лыжага барып чардап келдиңер мен ажырашам эки баланын убалы сага тийсин деп өлө тилдеди. Мен анын үй бүлөсү бар экенин билген жокмун десем актанба билип туруп эле жасап жатасың деп болбойт. Анан сүрөт жиберсе Максат го. Бүт денемди калтырак басып аябай жаман болдум. Мен өзүм аялы бар экекетер менен эмне жүрөт деп кыздарды жаман көрөт элем, көрсө ал шүмшүк эркектер алдап, касам ичип кыздарды азгырат тура. Азыр чындап эркектер бузулган эже. Анан эле кыздарды жаман көрүп жатып калабыз, — дейт Аделя.
Салондон чыгып таксиде келе жатып ойлонуп калдым. Бир жыл мурда мен да жолдошумдун телефонунан кыздардын номерин таап, экөөбүз нары барып бери келип араң калганбыз. 16 жыл жаштыгымды ден-соолугумду берип сүйүп жүргөн жолдошум башкалар менен сүйлөшүп жүргөнүн угуп жаман болгом. Аделя туура айтат кептин баары эркектерде турбайбы.



