Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы 3 жылда бир берилет

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы 3 жылда бир берилет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитетинин жыйынында айтты.
Ал каржылоо суммасы дагы 100 миңден 200 миң сомго көбөйтүлгөнүн белгиледи.
«Сыйлык 11 наам боюнча берилет», — деди ал.
Маалымат үчүн: Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы – бул жаштарды мекенчилдикке, жаратмандыкка тарбиялаган жана салттуу маданий баалуулуктарды сактаган өзгөчө чыгармалар жана эмгектер үчүн үч жылда бир жолу берилүүчү кадыр-барктуу сыйлык. Сыйлык адабият, искусство, кино, журналистика жана илим тармактарын камтыйт.



