Адис мээнин саламаттыгынын башкы сырын атады

Психикалык саламаттык жана көз карандылыкты дарылоо клиникасынын психологу Виолета Юрченко мээнин саламаттыгынын башкы сырын айтты.
Психологдун айтымында, адам кыймылдаганда мээнин багыт алуу, көңүл буруу, эс тутум жана эмоцияларга жооп берген бөлүктөрү активдешет. Мунун аркасында мээнин кан менен камсыздалышы жакшыргандыктан, серотонин, дофамин жана эндорфин сыяктуу нейромедиаторлордун бөлүнүп чыгышы көбөйөт. Натыйжада стресс гормону болгон кортизолдун деңгээли төмөндөп, маанай жана когнитивдик функциялар жакшырат.
«Кыймыл — бул психика үчүн табигый кайра жүктөө. Дене кыймылдаганда мээ энергияны кайра бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк алып, симпатикалык жана парасимпатикалык нерв системаларынын балансын калыбына келтирет. Ошондуктан сейилдөөдөн, бийден же машыгуудан кийин адам чарчоону эмес, тескерисинче, аң-сезимдин тунуктугун, жеңилдикти жана учурду толук сезүүнү байкайт», — деп түшүндүрдү Юрченко.
Ал ошондой эле адамдын жашоосунда кыймыл, дем алуу көнүгүүлөрү жана физикалык активдүүлүк канчалык көп болсо, стресске ошончолук туруктуу болуп, акыл-эсинин тунуктугу узакка сакталарына басым жасады.



