УКМК: Телефон чалып, элди алдаган шылуундардын шериктеш каналы аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
КР УКМК тарабынан көрүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында, Кыргыз Республикасында КР уюлдук операторлорунун WhatsApp, Telegram жана Lalafo мобилдик мессенджер аккаунттарын активдештирүү менен алектенген адамдардын тобунун укукка каршы ишмердүүлүгүнө, ошондой эле кыргыз жарандарын банк карталарын сатууга көндүргөн «шылуундардын уюштуруучуларынын» иш-аракеттерине бөгөт коюлду.


Белгилүү болгондой, аккаунттар жана банк карталары «Telegram» мобилдик мессенджери аркылуу «скамерам» деп аталган эл аралык алдамчыларга сатылып, жарандардын каражаттарын алдап алуу максатында үн менен «фишинг» манипуляцияларын жүргүзүшкөн.


Тактап айтканда, өздөрүн КР УКМКнын жана КР Улуттук банкынын кызматкерлери катары тааныштырган «телефон алдамчылары», анын ичинде КРнын башка мамлекеттик кызматкерлеринин атынан, КР жарандарына телефон чалып, аларды террористтик уюмдарга катышы бар деп айыптап, террористтик уюмдарды каржылагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутушкан.


Ошол эле учурда, жогоруда аталган кылмыштуу топ жасалма бланктарды жана кол тамгаларды колдонуп, КР УКМКнын жетекчилигинен, террористтик уюмдарды каржылоого катышкан деген айыптоолор менен кылмыштуу ишмердүүлүктүн жабырлануучуларына каттарды жөнөтүшкөн.


Кылмыш ишинин алкагында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан тиешелүү чаралар көрүлгөндүктөн, төмөнкү адамдар кармалган:
— 2008-жылдын 19-февралында туулган А.Б.Н., (Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылынын 14-түзөтүү колониясында эки айга эркинен ажыратылган);
— А.Э.К., 2006-жылдын 9-июлунда туулган, (эки айлык мөөнөткө Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган);
— Р.Ш.К., 1999-жылдын 22-майында туулган (мурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси «алдамчылык» боюнча бир нече жолу айыпталып, соттолгон), (эки айлык мөөнөткө КР УКМКнын тергөө абагына камалган);
— Ж.К.Р., 2001-жылдын 12-ноябрында туулган (мурда бир нече жолу соттолгон жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси «каракчылык», 209-беренеси «алдамчылык», 200-беренеси «уурулук» ж.б. боюнча айыпталган), (эки айлык мөөнөткө КР УКМКнын тергөө абагына камалды);
-Т.Б.Ш., 2009-жылдын 12-февралында туулган (ата-энесинин милдеттенмесинин астында бошотулган);
— A.у.С.», 2004-жылдын 30-апрелинде туулган (мурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «адам өлтүрүү» боюнча соттолгон жана 204-беренеси «алдамчылык» боюнча айыпталган), (эки айлык мөөнөткө КР УКМКнын тергөө абагына камалды);
— 2008-жылдын 24-сентябрында туулган А.А.А. (ата-энесинин милдеттенмеси астында бошотулган);
— 2009-жылдын 18-июлунда туулган К.И. (ата-энесинин милдеттенмеси астында бошотулган);
— Ж.С.А. 1996-жылдын 1-июнунда туулган (эки айлык мөөнөткө Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды).
Учурда КР УКМК КРнын аймагындагы телефон алдамчыларынын башка шериктерин аныктоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чараларды улантууда.
КР УКМК мобилдик мессенжер аккаунттарын, банк карталарын жана тиркемелерди башка өлкөлөрдө жайгашкан үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө же сатууга тыюу салынаарын, айрым учурларда бул аракеттер алдамчылыкка жана башка кылмыштарга кошо катышуу катары квалификацияланышы мүмкүн жана бул үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет.



