Коом

Nipah вирусуна жол бербөө максатында Кыргызстанда санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү

Өлкө аймагына Nipah вирусунун кирип кетишине жол бербөө максатында «Манас» эл аралык аэропортунда санитардык-карантиндик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлады.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында учурда бул вирустук оорунун кезектеги очогу катталган Индиядан келген жүргүнчүлөргө өзгөчө көңүл бурулууда.

Министрдин орун басары Рыспек Сыдыгалиев жумасына бир жолу аткарылуучу Бишкек – Дели – Бишкек эл аралык авиакаттамында санитардык-карантиндик көзөмөлдүн уюштурулушун текшерип, жугуштуу оорулардын белгилери бар жүргүнчүлөрдү өз убагында аныктоо иштерине баа берди.

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Санжарбек Темирбеков жана Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Чолпон Шамсутдин кызматтардын даярдыгы жана зарыл санитардык-карантиндик чаралар толук камсыздалгандыгы тууралуу маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 1-февралда Индиядан келген авиакаттам менен Кыргызстанга 158 жүргүнчү учуп келди. Учурда Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борбору жана «Манас» аэропортунун санитардык-карантиндик пунктунун медицина кызматкерлери биргеликте күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

«Калктын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында эл аралык каттамдар менен келген бардык жүргүнчүлөрдүн дене табы милдеттүү текшерүүдөн өткөрүлөт. Дене табы 37,5°С жана андан жогору болгон учурларда жүргүнчүлөр дароо изоляцияланып, белгиленген тартипте тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бардык иш-чаралар колдонуудагы санитардык-карантиндик талаптарга ылайык жана кызыкдар мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлүүдө. Учурда эпидемиологиялык кооптуу абал катталган жок, бардык келген жүргүнчүлөрдүн ден соолук абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button