Бишкекте автобус айдоочулары айына 56–57 миң сом маяна алышат

Бишкекте автобус айдоочуларына тейлөө маданияты үчүн кошумча акы төлөнмөй болду. Бул тууралуу шаардык кеңештеги «Эмгек» жана «Жаңы Күч» фракцияларынын биргелешкен жыйынында «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров билдирди.
Анын айтымында, шаардык автобустардын айдоочулары айына 56–57 миң сом маяна алышат. Айлык акы KPI (негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрү) эске алынуу менен төлөнөт.
«Тарифтик ставка 102 сомду түзөт, жылдын ар бир айында өзүнүн балансы бар. Мисалы, орточо баланс 165 саатты түзөт, биз аны 102 сомдук тарифтик ставка менен төлөйбүз. Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдүн агымы, каттамдардын үзгүлтүксүздүгү жана ашыкча иштеген сааттар да эске алынат», — деди ал.
Коомдук транспортто тейлөө маданияты үчүн айдоочуларга 20 пайыз өлчөмүндө кошумча үстөк акы каралган.



