«Чүйгүн» эт павильонунда учурда соода кызуу жүрүүдө

Ош базарындагы этти дүңүнөн саткан жай Маевкадагы «Алтын-Така» мал базарынын аймагындагы «Чүйгүн» эт павильонуна көчүрүлүп, учурда соода кызуу жүрүп жатат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жаңы жайда иш түнкү саат 03:00дө башталат. Эң башкы артыкчылыгы – кардарлар этти ортомчусуз, түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
«Чүйгүн» эт павильону ветеринардык-санитардык талаптарга толук жооп берет. Павильондун ичинде заманбап ветеринардык лаборатория, карантиндик эт сактоочу жай, муздаткычтар жана кошумча кызмат көрсөтүүчү бөлмөлөр каралган.
Бул жерде мал базарга келген учурдан тартып союлуп, сатыкка чыкканга чейинки бардык процесстер ветеринардык көзөмөлдөн өтөт. Бул эттин сапатын жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Мындан тышкары, калкка колдоо көрсөтүү максатында арзан баада эт сатып алууну каалагандар үчүн социалдык аянтча да уюштурулган.
«Жаңы эт павильону шаар тургундарына сапаттуу, коопсуз жана жеткиликтүү баада эт сатып алууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт», — деп айтылат маалыматта.



