Салык кызматы бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясын баштады

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясын баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Кезектеги декларациялоо кампаниясы эки этапта өткөрүлөт:
1-апрелге чейин декларацияны юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тапшырат,
1-майга чейин – жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырат.
1-апрелге чейин салык декларациясын тапшырууга милдеттүү болгон тараптар:
– бюджеттен каржыланган жана отчеттук салык мезгилинде мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмеси жок уюмдардан тышкары, ата мекендик уюмдар;
– Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеме түзүү менен иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
– Судьяларды тандоо боюнча кеңештин, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, ошондой эле Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү.
1-майга чейин декларация тапшырууга тийиш болгон тараптар:
– өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөндөрдөн, патенттин негизинде иштегендерден, бирдиктүү салык боюнча 0, 0,1, 0,5 жана 1 пайыздык чендерди колдонгондордон, ошондой эле юридикалык жак түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан (фермер) чарбаларынан тышкары жеке ишкерлер;
– Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан эл аралык уюмдарда, ошондой эле чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген КР жарандары;
– отчеттук мезгил ичинде киреше салыгы кармалбаган, салык салынуучу киреше алган жеке жактар.
Башка жеке жактар, анын ичинде социалдык же мүлктүк чегеримдерди алууну каалагандар, салык декларациясын ыктыярдуу негизде тапшыра алышат.
Салык декларациясы электрондук түрдө Cabinet.salyk.kg сайтындагы «салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу берилет.
Декларацияда кирешелер жана чыгашалар, экономикалык ишмердүүлүк, мүлк объектилери, жер участоктору, ошондой эле отчеттук мезгилде төлөнгөн салык милдеттенмелеринин суммасы тууралуу маалыматтар көрсөтүлүшү зарыл.



