Коом

Бишкекте Борбор Азия жана АКШнын «B5+1» экинчи бизнес форуму өтүүдө

4-5-февралда Бишкек шаарында «Бизнес (B)5+1» экинчи бизнес форуму өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен биргеликте уюштурулуп, Борбор Азия өлкөлөрү жана Америка Кошмо Штаттарынын бизнес өкүлдөрү менен мамлекеттик органдарынын ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө багытталат.

Форумдун приоритеттүү багыттары айыл чарба, банк жана финансы иштери, маанилүү минералдык ресурстар, электрондук коммерция жана маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика жана туризм болмокчу.

Форумга Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан) жана Америка Кошмо Штаттарынан жеке сектордун лидерлери, бизнес ассоциациялары жана эксперттери катышууда.

Форумдун биринчи күнүндө минералдык ресурстар боюнча панелдик талкуу, ошондой эле мамлекеттик-жеке диалог форматында айыл чарбасы, туризм, каржы жана банк иштери боюнча сессиялар болот.

Эске салсак, биринчи «B5+1» форуму 2024-жылы Алматы шаарында өткөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button