Окуялар

Бишкекте курулуш компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды

Бул тууралуу Октябрь РИИБден кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, О.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Арабиан Кыргыз Аль Хнейз» ЖЧКсынын Х.Р. аттуу директору 2022-жылы Көк-Жар конушунда курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдан батир берем деп 18 миң долларын алганын кабарлаган. Бирок шектүү бүгүнкү күнгө чейин батирин бербей, из жашырып кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине («Алдамчылык») ылайык, кылмыш иши козголгон.

«Аталган кылмышка шектүү катары 60 жаштагы Х.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталууда», – деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button