Күрмөнтү цемент заводунун иши жанданат

Түп районундагы Күрмөнтү цемент заводунун иши жанданат. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, Союз мезгилинде Күрмөнтү цемент заводу сапаттуу цемент өндүрүп, продукциясы Казакстанга чейин ташылып турган. Кийинчерээк завод цемент эмес, бир гана акиташ чыгаруу менен чектелип калган.
Акыркы маалыматтарга ылайык, завод мамлекеттин карамагына өтүп, андан соң 4,5 млн долларга инвесторлорго берилди. Инвесторлор 2026-жылдын аягына чейин болжол менен 100 млн доллардын тегерегинде каражат жумшап, заманбап жаңы завод курууну пландаштырууда.
Жаңы завод жыл аягына чейин ишке кирип, 200дөн 400гө чейин жаңы жумуш орундарын түзүү күтүлүүдө. Бул долбоор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошот деп бааланууда.



