Коом

Өлкөдө алгачкы шамал электр станциясы иштей баштады

Өлкөдө алгачкы шамал электр станциясы иштей баштады. Бул тууралуу «Жашыл станциялар» ассоциациясынын башчысы Кундус Кырбашева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда шамалдан энергия өндүргөн бир мунара иштеп жатат. Ал 7 мегаваттык кубаттуулук берүүдө жана жакын арада мындай мунарадан 24 даана орнотулат.

«Кыргызстандагы биринчи шамал электр станциясы алгачкы мегаватт энергиясын өндүрө баштады. Бул сүйлөшүүдөн реалдуу муунга өтүүнү жана өлкөнүн шамал энергетикасын өнүктүрүүнүн жаңы этабын билдирет. Айрыкча муну кыргызстандык «Матрум ТЭК» компаниясы ишке ашырганы маанилүү», — деп жазат Кырбашева.

Белгилей кетсек, Балыкчыда курулган шамал электр станциясы 100 мегаваттык кубаттуулукка эсептелген. Анын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 250 миллион киловатт-саатка жетет. Ал жергиликтүү компания тарабынан курулду. Станция Ысык-Көл облусун электр энергиясы менен камсыздайт жана CASA-1000 долбоору аркылуу тышка да экспорттой алат.

Тектеш кабарлар

Back to top button