Коом
Ташиев Барпы айылынын тургуну Турдубай Кожоевго жаңы үйдүн ачкычын тапшырды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айылынын тургуну Турдубай Кожоевго жаңы үйдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Айыл тургундарынын айтымында, Турдубай Кожоев 17 жылдан бери айылда молдо болуп эмгектенип келет. Ал өзүнүн жер тилкесине үй кура баштаган, бирок каражаттын жетишсиздигинен улам курулуш иштерин аягына чыгара алган эмес.


Айылдаштарынын кайрылуусунан кийин атайын кызматтын жетекчиси бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, үйдүн курулушун толук бүтүрүп берүүнү камсыздаган.

Бүгүн Турдубай Кожоевго даяр болгон турак жайдын ачкычы расмий түрдө тапшырылды.

Айыл аксакалдары көрсөтүлгөн колдоо үчүн Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдиришти.




