Башкы пландын алкагында Бишкекте жашыл аймактар 4 эсе көбөйтүлөт

Бишкекти өнүктүрүүнүн жаңы Башкы планынын алкагында жашыл аймактарды кеңейтүү жана парктарды куруу каралган. Бул тууралуу «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин башчысы Медербек Кыдырмаев «Кабар» агенттигинин «Элден собол» берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда борбор калаанын жашыл аянттар менен камсыз болушу бир тургунга 4,5 чарчы метрди гана түзөт, ал эми белгиленген норма боюнча 16 чарчы метр болушу керек. Буга байланыштуу Башкы пландын долбоорунда шаардын экологиялык өнүгүүсүнө арналган өзүнчө бөлүм каралган.
Документте жаңы жашыл зоналарды жана парктарды куруу үчүн конкреттүү аймактар аныкталган, ошондой эле ири магистралдык көчөлөрдүн жээктерин жашылдандыруу каралган. Мындан тышкары, Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээктерин тазалоо жана көрктөндүрүү пландаштырылууда.
Өзгөчө сунуштардын бири катары Көк-Жар айылынын аймагында чоң парк түзүү демилгеси көтөрүлдү. Бул экологиялык абалды жакшыртууга жана шаар чөйрөсүнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.



