Коом

Кыргызстан негизги 9 азык-түлүктүн алтоосу боюнча өзүн-өзү толук камсыздоо деңгээлине жетти

2025-жылга карата Кыргызстан негизги 9 азык-түлүктүн алтоосу боюнча өзүн-өзү толук камсыздоо деңгээлине жетти.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, алар:

  • жашылча-жемиштер;
  • картошка;
  • сүт жана сүт азыктары;
  • эт жана эт азыктары;
  • кант;
  • жумуртка.

Ал эми нан азыктары, өсүмдүк майы жана мөмө-жемиштер боюнча муктаждык азырынча жарым-жартылай импорттун эсебинен жабылууда.

2020-жылдан 2025-жылга чейин мамлекеттик колдоонун жана дыйкандардын мээнетинин натыйжасында өзүбүздү камсыздоо көрсөткүчү төмөнкүдөй жогорулады:

  • сүт-112 пайыздан → 127,3 пайызга;
  • эт-63,6пайыздан → 85,7 пайызга;
  • кант-15 пайыздан → 82,1 пайызга;
  • жумуртка-56,4 пайыздан → 79,8 пайызга;
  • өсүмдүк майы-34 пайыздан → 51,7 пайызга;
  • мөмө-жемиштер-15 пайыздан → 51,4 пайызга.

«Бул көрсөткүчтөр өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана сырткы факторлордон көз карандысыз болууга багытталган стратегиянын натыйжасы болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button