ЖРТга даярданып жаткан окуучулар үчүн мобилдик колдонмо иштелип чыгууда

Агартуу министрлигинде Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярданып жаткан мектеп окуучулары үчүн иштелип чыгып жаткан мобилдик колдонмо талкууланды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор тесттик материалдарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана өлкөдөгү бардык абитуриенттер үчүн даярдык мүмкүнчүлүктөрүн теңдөөөгө багытталган. Колдонмодо ЖРТга кирген бардык предметтер боюнча суроолор жайгаштырылат.
Колдонмодогу тапшырмалар Билим берүүнү баалоо жана окутуу методдору борбору (БББОМБ) тарабынан түзүлгөн мурунку жылдардын суроолорунун негизинде даярдалууда.
Учурда иштеп чыгуу текшерүү баскычында турат. Колдонмо мазмундук бөлүгү тиешелүү адистер тарабынан текшерилгенден кийин ишке киргизилет. Ал акысыз болот.
2012-жылдан бери ЖРТ менчигинин түрүнө карабастан, республиканын бардык жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Гранттык же контракттык негизде окууну каалагандар негизги тестти жана мамлекеттик тил боюнча тестти тапшырууга милдеттүү, ошондой эле тандоо предметтери да бар.



