Абу-Дабиде Орусия, Украина жана АКШнын үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы башталды

БАЭнин борбору Абу-Дабиде Россия, Украина жана АКШнын делегацияларынын катышуусунда үч тараптуу сүйлөшүүлөр башталды. Бул тууралуу украин делегациясынын жетекчиси Рустем Умеров билдирди.
«Сүйлөшүү процесси үч тараптуу форматта — Украина, АКШ жана Россия менен башталды. Андан кийин багыттар боюнча өзүнчө топтордо иш жүрөт, соңунда позицияларды кайрадан биргелешип макулдашуу пландалууда», — деди ал.
Бул маалыматты Россиянын мамлекеттик ТАСС агенттигинин булагы да тастыктады.
«Сүйлөшүүлөрдү башталды деп эсептесе болот, ар кандай тректер жана форматтар болот. Пресса каралган эмес», — деди агенттиктин маектеши.
Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдө Россиянын делегациясын РФ Куралдуу күчтөрүнүн Генштабынын Башкы чалгындоо башкармалыгынын башчысы Игорь Костюков жетектөөдө. АКШ тараптан сүйлөшүүлөргө Дональд Трамптын атайын өкүлү Стивен Уиткофф жана АКШ президентинин күйөө баласы Жаред Кушнер катышууда. Украин тараптан болсо Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров жана президенттик аппараттын жетекчиси Кирилл Буданов баштаган өкүлдөр бар.
Украина, Россия жана АКШнын үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы 23–24-январда Абу-Дабиде жабык режимде өткөн. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 28-январда Конгрессте сүйлөп жатып, тынчтык планынын алкагында чечилбей калган жалгыз маселе — аймактык суроо экенин билдирген. Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский аймактар маселеси Россиянын президенти Владимир Путин менен жеке жолугушуудан кийин гана чечилиши мүмкүн экенин белгилеген.


