Маданият

Аймактагы авторлор үчүн «40 район — 40 китеп» аталышындагы адабий сынак жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги аймактагы авторлор үчүн «40 район — 40 китеп» аталышындагы адабий сынак жарыялады. Маалыматты аталган ведомстводон билдиришти.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

  •  «Проза» — романдар, повесттер, аңгемелер жыйнактары;
  •  «Поэзия» — поэмалар, ырлар жыйнактары;
  • «Публицистика» — макалалардын жана публицистикалык чыгармалардын жыйнактары;
  • «Балдар жана жаштар адабияты» — романдар, повесттер, аңгемелер, ырлар жыйнактары;
  • «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү боюнча адабияттар»;
  • «Маданият жана искусство боюнча адабияттар» — альбом-каталогдор, фотоальбомдор жана башка басылмалар.

Сынакка 18 жаштан жогору авторлор катыша алышат. Сынакка сунушталган чыгармалар топтому мурда эч жерде жарыяланбаган болушу керек.

Сынактын жеңүүчүлөрүнүн чыгармалар жыйнагы министрлик тарабынан жарыкка чыгарылат.

Чыгарманын көлөмү A4 форматындагы Microsoft Word документинде, Times New Roman арибинде, 14 өлчөмдө, саптардын аралыгы 1 болуп терилип, 500 беттен ашпоого тийиш.

Сынакка катышуу үчүн Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык өтүнмө толтурулуп, 2026-жылдын 16-февралынан 13-апрелине чейин өзүңүз жашаган райондук мамлекеттик администрациялар аркылуу, «40 район — 40 китеп» сынагына деген белгилөө менен Катчылыктын go*****@******ov.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү зарыл.

Байланыш телефондору:
(0312) 54-06-54, (0700) 84-83-29, (0552) 84-83-29

Тектеш кабарлар

Back to top button