Без рубрики

Фермерлерге 6 пайыз менен жеңилдетилген насыялар берилет

«Айыл чарбасын каржылоо – 14» долбоорунун алкагында дыйкандарга 6 пайыз менен жеңилдетилген насыялар бериле баштайт. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, долбоордун алкагында кеминде 6 пайыздык чен менен 2 млрд 448 млн сом жеңилдетилген насыя берүү каралган.

Насыялар «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ААКтар аркылуу берилет. Насыя берүү шарттары:

«Мал чарбачылыгы» жана «Өсүмдүк өстүрүү» багыттары боюнча:

  • мөөнөтү — 36 айга чейин;
  • 500 000 сомго чейин — күрөөсүз негизде;
  • 1 000 000 сомго чейин — күрөө менен.

«Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары» багыты боюнча:

  • мөөнөтү — 36 айга чейин;
  • 3 000 000 сомго чейин — күрөө менен.

Долбоордун алкагында каралган каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • «Мал чарбачылыгы» — 1 713,6 млн сом (70 пайыз);
  • «Өсүмдүк өстүрүү» — 489,6 млн сом (20%пайыз);
  • «Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары» — 244,8 млн сом (10 пайыз).

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин 23-январдагы тескемеси менен «Айыл чарбасын каржылоо – 14» долбоору бекитилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button