Спорт

Республикалык спорт колледжинин базасында футбол академиясы түзүлөт

Кыргыз футбол биримдиги менен Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги спорт колледжи футбол академиясын түзүү боюнча макулдашууга жетишти. Маалыматты Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылыгандай, академия колледждин базасында иш алып барат. Долбоордун негизги максаты — спорт колледжиндеги футбол бөлүмүнүн натыйжалуу ишин камсыз кылуу жана колледждин тайпаларын КФБнын мелдештер системасына интеграциялоо.

Футбол академиясынын директору болуп РСКнын ишмердүүлүгүн башкарууда чоң тажрыйбага ээ Тилек Кожоматов дайындалды. Ал эми спорттук директор болуп мурда Кыргызстандын өспүрүмдөр жана жаштар курамаларын жетектеп келген Самат Суймалиев дайындалат.

Академия РСКда билим алып жаткан 2009-2013-жылкы оюнчулардан түзүлгөн командаларды түптөп, тиешелүү жаш курак категориялары боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаттарына катыштырат.

Академиянын түзүлүшү өспүрүмдөр футболун өнүктүрүүгө, квалификациялуу машыктыруучулук жана административдик курамды калыптандырууга, ошондой эле спорт колледжинин таланттуу тарбиялануучуларынын КФБнын республикалык деңгээлдеги мелдештерине туруктуу катышуусун камсыз кылууга багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button