Пайдалуу кеңештер

Жакшы уктоо кечки тамактануудан көз каранды

Дарыгер Александр Олмос туура эмес кечки тамактан улам организм уктоо учурунда калыбына келбей, тескерисинче стресске кабыларын билдирди. Бул тууралуу Deia басылмасы жазды.

Жакшы уктоо үчүн Олмос кечинде колбаса жана башка кайра иштетилген эт азыктарынан баш тартууга чакырды. Анын айтымында, мындай азыктар ичегинин микрофлорасынын тең салмагын бузуп, мелатонин гормонунун бөлүнүп чыгышына тоскоол болот.

Ошондой эле кечки тамакта жеген нан, күрүч жана макарон сыяктуу көмүрсуулар кандагы канттын деңгээлин кескин жогорулатып, түнкү эс алуунун сапатына терс таасирин тийгизет.

Дарыгер кечинде таттууларды да колдонбоону сунуштады. Себеби кант кандагы кортизолдун деңгээлин көтөрүп, кайра иштетилген эт сыяктуу эле мелатониндин бөлүнүшүнө тоскоол болот.

Тынч уктоо үчүн Олмос кечинде сапаттуу белокко бай азыктарды жана жашылчаларды жегенди кеңеш берди. Мындай кечки тамак уйкусуздук менен күрөшүүгө жардам берип гана тим болбостон, организмдеги өнөкөт сезгенүүнү да азайтат, деп кошумчалады дарыгер.

Тектеш кабарлар

Back to top button