Кызыктар
Жакынкы күндөрү беш астероид Жерге жакын учуп өтөт

Окумуштуулар жакынкы күндөрү Жерге беш астероид жакындай турганын билдиришти. Алардын төртөөсү учактын көлөмүндө болсо, бир космостук таш үйдүн көлөмүндө.
NASAнын маалыматына ылайык, диаметри 110 метр болгон 2026 BJ8 аттуу астероид биринчи болуп жакындайт жана 12-февралда Жерден 2 370 000 чакырым аралыкта учуп өтөт. Андан соң дагы үч астероид 12-февралда Жердин жанынан өтөт.
13-февралда 2026 CA1 деп аталган дагы бир ири астероид Жерге 1 520 000 чакырым аралыкка чейин жакындайт.
Ал эми эң ириси — диаметри 180 метр болгон 1999 AO10 астероиди 14-февралда Жерден 2 490 000 чакырым аралыкта учуп өтөт.
Белгиленгендей, бул астероиддер жер тургундары үчүн кооптуу эмес.



