Грецияда туристтерге бекер эс алуу сунушталууда, бирок бир шарты бар

Грециянын Сирос аралында туристтерге акысыз турак жай, эртең мененки тамак жана коммуналдык төлөмдөрү төлөнгөн шарт сунушталууда. Анын ордуна мышыктарды калкалоочу жайда ыктыярчы болуп иштөө талап кылынат. Бул тууралуу Daily Express жазды.
Талаптар:
талапкер бойго жеткен, ден соолугу чың жана физикалык жактан чыдамкай болушу керек;
өз алдынча иштей билиши зарыл;
катышуунун минималдуу мөөнөтү — 1 ай;
иш графиги — жумасына 5 күн, күнүнө болжол менен 5 саат;
жаныбарлар менен иштөө тажрыйбасы кубатталат, бирок жоопкерчилик жана физикалык эмгекке даярдык маанилүүрөөк.
Милдеттер:
баш калкалоочу жайды тазалоо;
жем даярдоо жана мышыктарды тамактандыруу;
кичинекей мышыктарды адамдарга үйрөтүү (социалдаштыруу);
мышыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүү.
Сирос «Киклад аралдарынын жүрөгү» деп аталат. Ал Афина шаарынан болжол менен 140 чакырым алыстыкта жайгашкан. Санторини же Миконос сыяктуу популярдуу аралдарга салыштырмалуу бул жер тынч жана жайдары атмосферасы менен айырмаланат.



