Дүйнө

Филиппинде фуд-блогер эң уулуу краб жегенден соң каза болду

Филиппинде өлкөдөгү эң уулуу краб — дьявол крабын жеген фуд-блогер Эмма Амит каза болду. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

51 жаштагы Амит достору менен мангр токоюна краб жана моллюск тергени барган.
Кийин ал кармаганын кокос сүтүнө бышырып, процессти видеого тартып блогуна жүктөгөн. Деңиз азыктарын жеп, баарын тасмага түшүргөндөн кийин достору үйлөрүнө тарашкан.

Көп өтпөй Амиттин абалы начарлап кеткен. Ал үйүндө эс-учун жоготуп жыгылып, денеси тырышып, эриндери көгөрө баштаган. Аны тез арада оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен, бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Досторунун абалын дарыгерлер көзөмөлдөп жатышат, азырынча алардын абалы туруктуу.

Маалыматка ылайык, блогердин өлүмүнүн жагдайларын полиция кызматкерлери иликтешкен. Алар аял деңиз жандыктарын бышырган жерди текшерип, ошол жерден дьявол крабынын кабыктарын табышкан. Анын эти өзгөчө уулуу экени белгилүү.

Амит жашаган айылдын башчысы Лэдди Геманг бул кабар аны катуу таң калтырганын айткан. Анын сөзүнө караганда, аял тажрыйбалуу балыкчы болгон жана дьявол крабынын уулуу экенин билиши керек эле. «Анда эмне үчүн аны жеди? Мени ушул суроо ойлонтуп жатат», — деген ал.

Дьявол крабы (Zosimus aeneus) — маржан рифтеринде жашаган краб. Аны ачык түстөгү кабыгындагы күрөң тактарынан оңой таанууга болот. Анын эти менен кабыгында күчтүү нейротоксиндер — тетродотоксин жана сакситоксин бар, алар кайнатканда да жок болбойт. Бул краб Филиппинде эң уулуу краб катары эсептелет.

Тектеш кабарлар

Back to top button