Акжол Махмудов болгариялык атаандашы Айк Мнацаканянды жеңди

Акжол Махмудов болгариялык атаандашы Айк Мнацаканянды жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчулар Бишкектеги «Жаштык» аренада өткөн күрөш боюнча Super 4 Wrestling эл аралык турниринин алкагында беттешишти. Акжол Махмудов 82 кг салмакта болгариялык Айк Мнацаканянды 5:2 эсебинде утту. Жеңишке жеткен Акжол Махмудовго 10 миң доллар, Айк Мнацаканян 5 миң доллар берилет.
Буга чейин эки балбандын ортосундагы экиден жеңиши бар болчу. Алар төрт жолу кез келишкен.
Белгилей кетсек, мелдешке Кыргызстандан Махмудовдон тышкары дагы төрт балбан катышты. Бекзат Алмазбек уулу биринчи, Билол Шарип уулу экинчи, Орозобек Токтомамбетов менен Малик Шаваев үчүнчү орунду ээледи. Алардын бардыгы акчалай сыйлыктарды алышты.



