Өлкөдө китеп күнү белгиленүүдө

14-февралда — Китеп белек кылуу күнү — өлкө боюнча китепканаларда кеңири масштабда өткөрүлүүдө. Бул демилге окууга болгон кызыгууну жогорулатууга жана коомдун руханий баалуулуктарын бекемдөөгө багытталган. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, миңден ашуун китепканада Book Swap акциялары, квест-оюндар жана «Китеп — эң баалуу белек» аттуу иш-чаралар уюштурулуп, окурмандар китеп алмашууга активдүү катышууда.
Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада китеп фондун жаңы адабияттар менен толуктап, майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө. Ал эми Касымалы Баялинов атындагы балдар китепканасында жаш окурмандар үчүн атайын программаларды уюштурууда.
Мамлекеттик китептер палатасы жаңы китептерди аймактык китепканаларга бөлүштүрүп, китеп фонддорун жаңылоого салым кошууда.
Министрлик китеп тармагын өнүктүрүү жана калктын руханий муктаждыктарын камсыз кылуу боюнча системалуу иштерди улантууда.



