Спорт
Дзюдочу Эрлан Шеров Европа кубогунда алтын медаль жеңди

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Ljubljana European Open-2026 ачык Европа кубогунда алтын медаль жеңди. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештер 14-15-февраль күндөрү Словениянын борбору Любляна шаарында өттү.
Турнирге 45 мамлекеттен 513 спортчу катышты.
Эрлан Шеров 90 кг чейинки салмак категориясында биринчи айлампаны өткөрүп, 1/16 финалда бельгиялык Карл Фубертти,1/8 финалда литвалык Августас Слизеринецти, чейрек финалда франциялык Эниэль Кэролини, жарым финалда египеттик Абдалла Абдельсамейдини ишенимдүү жеңди.
Ал эми финалдык беттеште россиялык Давид Карапетянды утуп, мелдештин чемпиону аталды.



