Дүйнө

Жер шарында акыркы 125 миң жыл ичиндеги эң жогорку температуралар катталды

Бул тууралуу The Guardian басылмасына окумуштуу Кристофер Вольф билдирди. Анын айтымында, климаттын өзгөрүшү көптөгөн илимпоздор болжолдогондон да ылдамыраак жүрүп жатат.

Макалада белгиленгендей, жылуулуктун жогорулашы «парниктик Жердин тозоктуу климатына» алып келиши мүмкүн.

Улуу Британиядагы Университет Эксетера окуу жайынын профессору Тим Лентон температуранын бир нече градуска гана өзгөрүшү да адамзат үчүн олуттуу коркунуч жаратарын айтты.

«Жерде парник эффектиси толук калыптанышына жетпесек да, глобалдык жылуулук Жердин температурасын 3°Cге көтөрсө, адамзат жана коомдор үчүн олуттуу коркунучтар сөзсүз болот», — деди Лентон.

Окумуштуулардын божомолу боюнча, температуранын 3–4°Cге жогорулашы экономика менен коомдун азыркыдай иштешине тоскоолдук кылат. Ошол эле учурда макалада «парниктик Жердин» климаты температура бир нече градуска гана көтөрүлгөн учурга салыштырмалуу алда канча оор болору белгиленет.

Тектеш кабарлар

Back to top button