Дүйнө

Элдар Жакыпбеков Аскер прокуратурасы тарабынан кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков кармалды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Башкы прокуратурадан кабарлашты.

«Ал Аскер прокуратурасы тарабынан кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти прокуратурадан.

УКМК «Кабар» агенттигине Элдар Жакыпбеков кызматтан алынганы тууралуу маалыматты тастыктады.

Белгилей кетсек, 15-февралда социалдык тармактарда Элдар Жакыпбеков кармалганы тууралуу маалыматтар тараган.

Тектеш кабарлар

Back to top button