Коом
Концерт учурунда пол жууган айымдын бир тууган иниси кайрылуу жасап, видеону өчүрүп салууну өтүндү — ВИДЕО

14-февраль — Сүйүү күнүнө карата Улук Манапонун концерти учурунда пол жууган айымдын бир тууган иниси кайрылуу жасап, видеону өчүрүп салууну өтүндү.
Андагы маалыматтарга караганда, барабан шоусу көрсөтүлгөндүктөн сахна суу болуп калган. Ырчылар тайгаланып кетпеши үчүн уюштуруучулар сахнаны сүртүп коюну өтүнүшкөн.
Тасманын автору эжекеси жалгыз бой эне, эки баласы менен батирде тураарын жана азыр социалдык тармактагы айтылган пикирлерден улам ыйлап жатканын айтат.



